Бишкекте Ленин райондук прокурордун улук жардамчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Н.Б.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча айыпталууда.
"Аны УКМК кызматкерлери кармаган. Кийин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен Б.Н.Ж. жумуштан кеткен", — деп жазды агенттик.
Шектүү соттун чечими менен 19-мартка чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн