Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:45
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК: Мамлекеттик Салык кызматындагы коррупциялык схема ачыкка чыкты

УКМК: Мамлекеттик Салык кызматындагы коррупциялык схема ачыкка чыкты

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында системалуу коррупцияны жоюу боюнча ишинин жүрүшүндө, аталган кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн биринин кызмат адамдары тарабынан уюштурулган кошумча нарк салыгын ишкердик субъектилерине мыйзамсыз кайтарып берүү боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, жооптуу чиновниктер айрым жалган ишкердик субъекттери менен кылмыштуу бүтүмгө келишип, системалуу негизде кошумча нарк салыгына болгон салыкты анча-мынча суммага бөлүп кайтаруу механизмин түзүшкөн. Көрсөтүлгөн иш-чаралар ишкердик субъекттерине кошумча нарк  салыгын кайтарып берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссияны айланып өтүп, кошумча нарк салыгынан ашыкча төлөнгөн суммаларын кайтарып берүүгө мүмкүндүк берди, анын натыйжасында 300 миң сомдон ашык салыктарга байланыштуу маселелер каралат.


Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 5 миллион 700 миң сом өлчөмүндө зыян аныкталып, ал чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан толугу менен төлөнүп берилген.


Сотко чейинки процесстин алкагында,  Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү, "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмышка шектүү катары  Бишкек шаарынын салык кызматынын аймактык бөлүмүнүн инспектору "М.Т." , Салык кызматынын " А.Т." жана Салык кызматынын борбордук аппаратынын жетекчиси "А.Р."  аттуу жарандарга билдирүүлөр жөгөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн