Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:06
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК: Мыйзамсыз акча чогултуу боюнча Ботобаев кармалды

УКМК: Мыйзамсыз акча чогултуу боюнча Ботобаев кармалды

 УКМКнын коррупцияга күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жер ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесиндеги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз акча каражаттары келип түшкөндүгү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, "Б.К.К"  Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылгандыгы аныкталды.


2020-жылдын 7-декабрында чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык "Б.К.К." кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Мамлекеттик агенттиктин директору - Ботобаев Каныбек Калбаевич.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн