Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:56
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК: Мыйзамсыз сакталган курал-жарак табылды

УКМК: Мыйзамсыз сакталган курал-жарак табылды

2020-жылдын 27-ноябрында УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгүнө каршы турууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда курал жарактар менен ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма  сөз кызматы кабарлады.


Табылган жерден "ТТ" жана "ПМ" маркаларындагы тапанча, аңчылык куралы (кесилген), кесилген курал (карабин менен кесилген мылтык), 39 ок дары жана 6 газ травматикалык тапанчанын 6 огу табылып алынды. 


Табылып алынган курал жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү (Курал-жарак, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине катталды.


Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн