Бугу 23, 2025
Убакыт: 20:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

УКМК Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

23.05.2025 13:20
26
УКМК Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду


Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жасалып жаткан мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.


Атайын кызмат билдиргендей, мусулман коомчулугу ичинде ынтымак менен биримдикке терс таасирин тийгизген фактылар тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.


“Тактап айтканда, Ош шаардык казыятынын кызматкерлери калаа аймагында жайгашкан мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча чогултуп келген. Казыяттын кызматкерлеринин бул мыйзамсыз аракеттери казыяттын ишмердүүлүгүнө гана эмес, мамлекеттик бийликтин дарегине карата да нараазычылыктарды пайда кылган. Фактылар боюнча жергиликтүү мечиттер менен медреселердин өкүлдөрү тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына арыз жазылган. Анын негизинде Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине кылмыш иши козголгон”, — деди УКМК.


Атайын ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталганы белгиленди.


“Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын Т.М.Б, М.Ж.М, Д.Б.Х. жана С.А.К аттуу кызматкерлеринин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында акча чогултуу боюнча фактылар аныкталып, Т.М.Б, М.Ж.М соттун бөгөт коюу чарасы тандалганга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.


УКМК диний ишмерлерди ич ара бөлүнүп-жарылууга жана нараазычылыктарды пайда кылуучу мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырды.


Эске салсак, кечээ күнү Ош шаарынын казысы Мирлан Токтомушев кармалганы кабарланып, бирок кайсы иш боюнча айыпталып жатканы белгисиз болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн