Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Ош шаарында эл аралык баңгизаттардын каналына бөгөт коюлду

УКМК: Ош шаарында эл аралык баңгизаттардын каналына бөгөт коюлду

22-январда  Ош шаарынын мамлекеттик чек арадагы бангизат тобунун кылмыштуу ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, кармалган 1966-ж.т. К.М. жана 1962-ж.т. У.М. аттуу КР жарандары Борбордук Азия өлкөлөрүнө баңги заттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзүшкөн.


Авто унаасын тинтүү учурунда алдыңкы отургучунун астынан салмагы 100 граммды түзгөн кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. 23-январда кармалган У.М. жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү учурунда жана аймактан кампа жайлары табылып, жалпы салмагы 500 граммдан ашык кочкул күрөң түстөгү үч брикет табылып алынды.


Экспертизанын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген заттар – жалпы салмагы 600 граммдан ашык кара куурай чайыры (гашиш) баңги заты болуп саналат.


Кармалган К.М. жана У.М. КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда КР УКМК бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн