Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:46
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК: Ошто көмүр кенин басып алууга шектүү Ош облустук прокуратурасынын прокурору кармалды

УКМК: Ошто көмүр кенин басып алууга шектүү Ош облустук прокуратурасынын  прокурору кармалды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош облусундагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууга шектелип, прокурор О.У кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. 


Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош эли менен жолугушуу учурунда бул мыйзамсыз аракет боюнча даттануу келип түшкөн. 

Анын негизинде ведомстволор аралык ыкчам тергөө тобу иликтөө жүргүзүп мыйзамсыз көмүр кенин басып алуу фактысын аныктаган. Анын натыйжасында прокурор О.У жана ага көмөк көрсөткөн кишилер кармалды. 


Бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүрүп жатат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн