Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК: Пара берүү фактысы менен чет элдик жарандар кармалды

УКМК: Пара берүү фактысы менен чет элдик жарандар кармалды


Пара берүү фактысы боюнча чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-январында УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет мамлекеттердин биринин жараны 37 жаштагы Г.С. жана анын шериги 34 жаштагы К.А. кармалды.

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам КР Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине К.А. аттуу жергиликтүү тургунду ортомчу кылып коңшу мамлекеттин аймагына өткөрмө пунктан тышкары жерден мыйзамсыз өткөрүү үчүн акча каражатын сунуш кылгандыгы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн