Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Синтетикалык баңгизаттардын ири партиясына бөгөт коюлду

УКМК: Синтетикалык баңгизаттардын ири партиясына бөгөт коюлду


19-январда УКМК Ош шаарынын аймагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 269-беренесинин 3-бөлүмү (Прекурсорлордун мыйзамсыз даярдалышы) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизаттарды даярдоого колдоно турган жана андан нары сатуу үчүн арналган өзгөчө ири көлөмдөгү химиялык заттарды ташуу иштерине бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталгандай, унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 1 тоннадан ашык болгон ичинде белгисиз суюк зат бар 42 даана ящиктер табылып алынды.


Эксперттин корутундусуна ылайык, алынган суюк зат болжол менен 20-21 пайызды түзгөн “Аммиак суусунун” суу эритмеси болуп саналат.


Бул факт боюнча жүктүн ээси Ж.И. Ош шаары жана Ош облусу боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн