Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

УКМК ТКБ: Жүргүнчүлөрдү алдын-ала маалымдоо системасын киргизүү жана жүргүнчүлөрдү каттоо маалыматтары жөнүндө долбоорду ишке ашыруу боюнча тегерек стол болуп өттү

03.12.2020 16:14
386
УКМК ТКБ: Жүргүнчүлөрдү алдын-ала маалымдоо системасын киргизүү жана жүргүнчүлөрдү каттоо маалыматтары  жөнүндө долбоорду ишке ашыруу боюнча тегерек стол болуп өттү

2020-жылдын 3-декабрында эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, террористтик топтордун мүчөлөрүнүн өлкө аймагына кирүүсүнө же транзит менен өтүшүнө жол бербөө жана авиациялык коопсуздукту чыңдоо жана ошондой эле мыйзамсыз миграция менен күрөшүү бюунча жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында, КР УКМК Терроризмге каршы борбору (ТКБ) Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөрдү алдын-ала маалымдоо (API) жана жүргүнчүлөрдү каттоо маалыматтары (PNR) тутумунун долбоорун ишке ашыруу боюнча тегерек стол болуп өттү.


Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, авиакомпаниялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Катышуучулар Кыргыз Республикасында API жана PNR тутумун иштеп чыгуу процессин, ошондой эле анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу боюнча чет өлкөлүк тажрыйбалар жана башка актуалдуу маселелер менен таанышышты.


Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн санариптештирүү программасынын маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат.

Долбоордун негизги максаты Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ КК) 2178, 2309, 2368 жана 2396 Резолюцияларында аныкталган, чет өлкөлүк террорист согушкерлерге карата тиешелүү артыкчылыктуу багыттарды колдоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эл аралык жарандык авиация уюмуна (ЭЖАУ), Дүйнөлүк бажы уюмуна (ДБУ) жана Эл аралык аба транспорту ассоциациясына (ЭАТА) мүчөлүгүнөн келип чыккан эл аралык милдеттенмелердин чегинде Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бул эл аралык терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, чек ара көзөмөлүнө каршы күрөшүү жана аба каттамы үчүн жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик органдардын маалыматтык өз ара аракети, ошондой эле COVID-19 пандемиясы менен байланышкан жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалы бар өлкөлөрдөн келген туристтерди аныктоого Кыргыз Республикасында API/ PNR тутумун киргизүү жана анын иштеши зарылдыгын белгилешти.


Иш-чаранын бул форматы бардык катышуучулардын ортосунда теориялык жана практикалык маалыматтарды алмашууга мүмкүндүк берди, бул тутумду ишке ашыруунун андан аркы процесси үчүн техникалык жана уюштуруучулук жактан эң ылайыктуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берилди.


Белгилей кетүүчү нерсе, учурда дүйнөнүн 75ке жакын өлкөсү API тутумун ишке ашырышкан же ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында турат. Алардын катарында УКМК өкүлү болгон Кыргыз Республикасы жүргүнчүлөрдүн маалыматтарын алмашуунун улуттук тутумун түзүү боюнча иш алып барылууда.


Жолугушуу ишкердүү жана констроктивдүү кырдаалда өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн