Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

УКМК: Талас райондук суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчилери кармалды

07.03.2024 12:05
342
УКМК: Талас райондук суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчилери кармалды


УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматынан маалыматына караганда, Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкери К.А.Ж. Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары менен тил табышып алып, 2020-жылдын майынан тарта 2023-жылдын ноябрына чейин Талас РСЧБнын кызматкери катары эмгек акыны мыйзамсыз алып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирип келген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, Талас РСЧБнын мурдагы жетекчилери А.Д.С., Н.Н.Р. жана башка кызматкерлер тергөө иштерин жүргүзүү үчүн КР УКМКга жеткирилди.

Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

КР УКМК жарандарды мамлекеттик органдардын мыйзамсыз иш-аракеттерин байкаган учурда бул тууралуу төмөнкү байланыш номурлары аркылуу маалымдоого чакырат: 0312-66-04-75. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн