Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

УКМК УКМКнын кызматкерлери тарабынан президентке жазылган кайрылуу боюнча түшүндүрмө берди

09.03.2021 08:47
1195
УКМК УКМКнын кызматкерлери тарабынан президентке жазылган кайрылуу боюнча түшүндүрмө берди

УКМК  Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматкерлери тарабынан президентке жазылган кайрылуу боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Билдирүүдө бул маалымат жалган жана фейк экендиги айтылган.


"Мындай билдирүүлөр чагымчылар жана кызыкдар адамдар тарабынан атайылап таратылып, атайын кызматтын ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында, акыркы мезгилде коррупциянын көрүнүштөрү боюнча ишин күчөтүп, паракорчулук, опузалоо, бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларына бөгөт коюу жана ар кандай товарлардын жана материалдык баалуулуктардын аткезчилигин ачып жатканына байланыштуу.

Ошондой эле, КР УКМКнын алдыдагы шайлоо процесстерине кийлигишүүсү жөнүндө билдирүү жийиркеничтүү калп. Дал ушул УКМК ыйгарым укуктарынын чегинде саясий, административдик жана башка ар кандай ресурстарды белгилүү бир партиянын өкүлдөрүнүн пайдасына, бийлик органдарынын алдыдагы жергиликтүү шайлоолордо ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана ачык саясий атаандаштыкты камсыз кылуу максатында колдонулушуна жол бербөө боюнча иш алып барат. 


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясына баш ийет  жана мыйзамдардын ченемдерин так сактайт.


УКМК кызматкерлеринин атынан таратылган деп айтылган жалган маалымат - бул күчтөрдү жана каражаттарды, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын убактысын мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдетинен алыстатуу аракеттеринин элементтеринин бири" ,- деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн