Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:43
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

УКМК чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Азербайжандын жаранын кармады

19.07.2024 16:10
302
УКМК чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Азербайжандын жаранын кармады


Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча 1993-жылы туулган Азербайжандын жараны Б.М.Г. кармалды. Ал андан ары Өзбекстанга барууга аракет кылгандыгы аныкталды. Айрым маалыматтарга караганда, Б.М.Г. Кыргызстан жана Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар.

Кармоо учурунда Б.М.Г. менен биргеликте анын ишенимдүү адамы 1980-жылы туулган уйгур улутундагы Кыргызстандын жараны Чүй облусунун жашоочусу, буга чейин бир нече жолу соттолгон М.З.Т. кармалды. Ал Б.М.Г.га Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө көмөк көрсөтүп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.

Учурда УКМК тарабынан аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышты аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн