Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев жана анын жакын 10 адамын кармады (фото)

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев жана анын жакын 10 адамын кармады (фото)

16-ноябрда кыргыз-кытай чек арасына жакын жерден "мыйзамдагы ууру" деп аталган К. Асанбек (Камчы Көлбаев) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Аларды УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Булат-М" мергенчилик талаасынан (Жети-Өгүз району) кайтып келе жатканда "Карасай" чек ара пунктунан кармагандыгы маалым болду.


Кармалгандардын Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаты жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталганын айтышты. Бул боюнча мыйзамдарга ылайык, К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында ок атуучу сегиз курал (Төрт "Сайга" карабини жана төрт "ПМ" жана "Глок" үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган.


"Ошентип, К.Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Укук бузуулар кодексинин 429-беренесин ("Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу") боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн", — деп айтылган УКМК тараткан маалыматта.


Ведомстводон учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн