Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК курулушчулардын акчасын алып койгон чек арачыга чара көрөт

15.11.2021 16:18
959
УКМК курулушчулардын акчасын алып койгон чек арачыга чара көрөт

УКМКнын Чек ара кызматы 15-ноябрда интернет айдыңдарында “Чек ара кызматынын чек арачылары курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып койду” деген маалыматты текшерип жаткандыгын маалымдайт.


Маалыматка ылайык, жарандардан опузалап акча каражатын алгандыгы боюнча Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкерлеринин тиешеси бар-жогу боюнча териштирүү иштери башталды.


“Бүгүн автоунаада болгон КамАЗдын айдоочусу жана куруучуну Баткен облусунун Жаңы-Бак жерлигинде кызмат өтөгөн “Самаркандык” чек ара заставасынын өздүк курамы менен бетме-бет кезигүүсү орун алат”, - деп айтылат маалыматта.


УКМКнын Чек ара кызматынын аскеринин мыйзамсыз иш аракеттерге тиешеси бар экени тастыкталса териштирүүнүн материалдары Аскер прокуратурасына мыйзамдын негизинде аскер кызматкердин жоопкерчилигин кароо үчүн берилет.


УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө жана башка укук бузууларга дуушар болгон жарандар 0 (312)-54-43-06 Чек ара кызматынын ишеним телефонуна же [email protected] электрондук дарегине кайрылууларды, билдирүүлөрдү жана арыздарды калтырса болот экендигин эскертип кетет.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн