Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:14
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК мыйзамсыз байыган Транспорт министрлигинин кызматкеринин эсепсиз байлыгын жарыялады

УКМК мыйзамсыз байыган Транспорт министрлигинин кызматкеринин эсепсиз байлыгын жарыялады

Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директоруна карата мыйзамсыз баюу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. 


УКМКнын маалыматына ылайык, И.Ш.М. мамлекеттик кызматта иштеген мезгилинде, ал кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө, көп сандаган бодо малга ээ болгон. Жалпы чыгым расмий кирешеден ашат.


Шектүү бардык мүлктөрдү расмий кирешеси жок туугандарынын жана жакындарынын атына каттаган. Алар Бишкектин борбордук бөлүгүндө үч үйдү жана автоунааларды, ошондой эле бир сарайды жана 20дан ашык батирлерди өздөрүнүн аттарына каттаткан.

                     

"И.Ш.М. республикалык маанидеги автомобиль жолдорун курууга мамлекеттик сатып алуунун жылдык эсебинен өзүнүн активдерин кыйла көбөйткөн.  Аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Азыр биз Транспорт министрлигинин башка коррупциялык кылмыштарга тиешеси бар кызматкерлерин аныктап жатабыз", - деп билдирди УКМК.


Белгилей кетсек, Жол чарба департаментинин директору болуп Шабданбек Иманкулов эсептелет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн