үлктөр мамлекетке кайтарылды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
Атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык, инфраструктуралык объектилерди жана жер участокторун мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чоң-Алай районундагы жалпы аянты 12,68 га жер тилкелерин менчиктештирүүдө жана мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.
Тергөөгө чейинки иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылымыштуу топтун лидери А.Анапияевдин туугандарынын мыйзамсыз ээлеп жүргөн мүлктөрү Чоң-Алай районун Дароот-Коргон айылындагы жалпы аянты 0,7 га жер тилкеси, 749,65 чарчы метр административдик имараты жана 0,14 га май куюучу жайы дүкөнү менен, ошондой эле Бурган-Суу айылындагы аянты 11,84 га түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана мекемелерди аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн