Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 09:05
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

УКМК: "Алтуха" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

УКМК: "Алтуха" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте "Алтуха" каймана аты менен белгилүү  уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алтынбек Ибраимов  кармалды. Бул тууралуу 13-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


УКМКнын маалыматы боюнча, 13-январда кылмыштуу иерархиядагы маанилүү кызматтардын бирин ээлеген  Ибраимов  кармалган.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


"Кармалган адамга карата анын кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги боюнча зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө",- деп айтылат билдирүүдө.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Ибраимов Ички иштер министрлигинде профилактикалык сүйлөшүүгө чакырылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн