Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 16:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК "Ботош" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

УКМК "Ботош" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облусунда "Ботош" каймана аты менен таанымал кримтөбөл, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү О.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, кармалган жаран К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелген.

Ошондой эле 2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен О.А. камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок ал баш коргоо чарасын бузган.

Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн