Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

УКМК "Кыргыз темир жолу" ишканасында коррупциялык схеманын бетин ачты

05.11.2020 14:29
692
УКМК "Кыргыз темир жолу" ишканасында коррупциялык схеманын бетин ачты

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясында мамлекеттик сатып алууда уюштурулган коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

2018 жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында Мамлекеттик ишкананын жооптуу кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, 1-типтеги (жогорку сапаттагы) жыгач шпалдардын ордуна, иш жүзүндө стандарттарга жооп бербеген сапаты төмөн шпалдарды жеткирип орноткондугу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталды.

Мындай иш-аракеттер адамдардын өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгы түрүндөгү терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналыкэкспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды.

2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи майрайондук сотунун чечими менен чарбалык субъектинин өкүлү «И.Г.А.» камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.




 


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн