Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК "Социал-демократ" партиясынын талапкерин жоопко тартуу үчүн БШКга кайрылды

02.11.2021 13:12
669
УКМК "Социал-демократ" партиясынын талапкерин жоопко тартуу үчүн БШКга кайрылды

29-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынан өтүнүч түштү. Тактап айтканда, УКМК «Социал-демократтар» партиясынын атынан парламенттик шайлоого аттанган Замирбек Тургунбаевди жазык жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү суранды.



БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Медина Кутбердиева билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн Тургунбаевдин үстүнөн сотко чейинки 4 өндүрүш иши козголгон. Алардын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бир ишти сотко өткөрүү үчүн БШКга кайрылышты. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Тургунбаев мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.


«Топтолгон материалдар боюнча Тургунбаевдин күнөөсү далилденди жана анын үстүнөн козголгон сотко чейинки өндүрүш ишин сотко өткөрүү керек. БШКнын жумушчу тобунун жыйынына УКМКнын улук тергөөчүсү Тиленбеков жана «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Турдубаев чакырылган. Тиленбековдун айтымында, Тургунбаев ушул жылы 6-январда кармалган жана 8-январда үй камагына чыгарылган. 26-октябрда Тургунбаев ооруп калганына байланыштуу тергөө иштери убактылуу токтотулган», - деди Кутбердиева.


Анын айтымында, «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү үгүт жараяны башталганына жана Тургунбаевдин оорусуна байланыштуу УКМКнын өтүнүчүн четке кагууну суранды.


Жумушчу топтун маалыматына ылайык, БШК 28-октябрда «Социал-демократтар» партиясынын талапкерлерин каттаган. Тизмеде Тургунбаев да бар болчу. Ошондой эле жумушчу топ келтирилген бардык жүйөлөрдү эске алып жана учурда үгүт иштери жүрүп жатканына байланыштуу УКМКнын өтүнүчүн четке кагууну чечти.


БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тергөө ишинин статусун жана иш-аракеттердин хронологиясын караш керек экенин белгиледи.


«Тергөө иши убактылуу токтотулган. Эгерде кайра жанданса, анда экинчи жолу өтүнүч менен кайрылышса болот», - деди ал.


БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чечимин колдошту.


УКМК ушул жылы 6-январда Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы — 1975-жылы туулган Замирбек Тургунбаевди кармаган. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Тургунбаев КЖБРга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында камакка алынган.


УКМК билдиргендей, Киров айылында 720 орундуу мектеп курууда аткарылган жумуштардын баасы 24 млн сомго ашык көрсөтүлгөн. Ошондой эле Тургунбаев башка жооптуу кызматкерлер менен чогуу сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга кабыл алышкан.


2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Тургунбаев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде болчу.



Булак: "Баракелде"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн