Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:14
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

УКМК төрагасы өзүнүн дарегине айтылып жаткан маалыматтар боюнча үн катты

01.08.2021 21:49
1764
УКМК төрагасы өзүнүн дарегине айтылып жаткан маалыматтар боюнча үн катты


КРнын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаров экөөнүн дарегине айтылган маалыматтар боюнча билдирүү таратты.


Төмөндө К.Ташиевдин билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:


"Урматтуу мекендештер!


Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган жалаа менен каралап жазып күнөөлөргө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазышып, элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт.


Эми минтип мен кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден эч кандай акча мен албаймын, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат.


Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат.


Буюрса Кыргызстаныбызды гүлдөгөн жана тең ата мамлекеттердин катарына кошобуз!", - деп билдирди Ташиев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн