Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:58
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык,  УКМК зергер буюмдарды өзгөчө ири масштабда контрабанда жолу менен ташып кетүү фактысы боюнча айрым жеткирүүчүлөр тарабынан УКМК кызматкерлери менен макулдашуу боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда.


Сотко чейинки процесстин алкагында экс-орун басар Б.Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар экендиги жөнүндө бир нече жолу суракка жана башка тергөөгө чакырылган.


Б.Сүйүмбаевдин келбей койгондугуна байланыштуу, УКМКнын тергөө органдары Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-бөлүгү (экономикалык аткезчилик) менен Сүйүмбаевге  издөө жарыялаган.


Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн