УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү - ФОТО
Бүгүн, 26-август күнү, УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Имараттын ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ачылуу иш-ачарасында атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын жетекчилиги, өздүк курамы жана УКМК ардагерлери, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков да болду.
Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, машыгуучу зал жана башка тийиштуу кызматтык жабдыктар менен толугу менен камсыздалган. Камчыбек Ташиев жаңы имаратты көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруу багытындагы талаптарды эскертип өттү.
Атайын кызматтын Базар-Коргон райондук бөлүмү буга чейин райондук соттун имаратынын бир бөлүгүндө иштеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн