Акылбек Мазарипов Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Басма сөз кызматы билдиргендей, 1990-1994-жылдары Мазарипов Кара-Суу районунун администрациясында, ал эми 1996-2021-жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин структураларында иштеген.
Буга чейин ал Улуттук коопсуздук комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгын жетектеп келген, акыркы иштеген жери УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн