Бүгүн, 24-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Бактыбек Калмаматовдун тарапташтары анын боштондугун талап кылып келишкен.
Сот өкүмүнөн кийин Калмаматовду УКМКнын тергөө абагына чыгарып кетүү учурунда мурдагы депутаттын тарапташтары унаанын жолун, тороп тоскоолдук жараткан. Ал арада Бактыбек Калмаматовдун карындашынын буту унаанын дөңгөлөгүнүн астында калган.
Бактыбек Калмаматовдун жубайынын айтымында, ал Калмаматовдун карындашы болгон. Аны тез жардам кызматы алып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн