УКМКнын имаратынын жанынан 22-июнда күмөндүү баштык табылган.
Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя болгон жерге саперлер чакырылган. Аймакты кароо учурунда кандайдыр бир жарылуучу зат же башка шек санаткан буюмдар табылган эмес, ал эми күмөндүү баштык кызматкерлер тарабынан жок кылынган.
Учурда аталган факт боюнча тиешелүү оперативдүү-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн