Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк биринчилик 2023-жылдын 2-10-ноябрында Абу-Даби шаарында (БАЭ) өттү. Профессионалдык джиу-джитсу боюнча бул чемпионатка 127 өлкөдөн 7 миңдей спортчу катышты.
УКМКнын 9-кызматынын кызматкери чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясында 77 кг салмакта 1-орунду ээледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн