АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 1-июлдан тарта USAID агенттиги чет өлкөлөргө жардам көрсөтүү программаларын толугу менен токтоторун тастыктады. Бул тууралуу Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, мындан ары АКШ бийлигинин учурдагы саясатына каршы келбеген жардам программалары USAID аркылуу эмес, түздөн-түз Мамлекеттик департамент аркылуу ишке ашырылат.
Буга чейин, март айында АКШ өкмөтү USAID`дин 83% программасын улуттук кызыкчылыктарга жана каржылык артыкчылыктарга туура келбейт деген жүйө менен кыскартуу чечимин кабыл алган.
Мындан сырткары, быйыл агенттиктин бир катар кызматкерлери мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу департаментине (DOGE) жашыруун маалыматтарды берүүдөн баш тартканы үчүн административдик өргүүгө чыгарылган.
Ошол учурда DOGE`ни жетектеген Илон Маск агенттик толугу менен жабылышы керектигин айтып, бул пикирди президент Дональд Трамп да колдогонун билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн