Шайлоолордун алдында эле күчтүү дем менен чыга калуучу убадалардан бул ирет деле куру калган жокпуз. Кайталагандан талапкерлер уялбады, кайталап уга бергенден шайлоочулар тажабады. Ырасын айтканда, тажады, бирок укпай коюшка арга жок. Телевизорду койсоң деле, радиону уксаң деле, интернетке кирсең деле, газета окуюн десең дагы баягы эле убадалар. Арга жок угушка туура келет.
Дээрлик 10 жылдан бери ушул эле убадаларды угуп келатабыз. Анча-мынча жаңыртып, 7% дегенди 4%ка түшүрүп алышкандары эле болбосо, жаңы эч нерсе жок. Ошентсе да кайсы бир партиянын программасынан үмүт отун жандырган, ишеним тартуулай турган жагдайлар чыгып калабы деп бир тобун карап көрдүк. Анда эмесе, чогуу карап көрөлү.
«Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик аппаратты модернизациялоону сунуштап жатат. Штаттык бирдикти кыскартуу, мамлекеттик башкаруу органдарынын бири-бирин кайталаган функцияларын жоюу сыяктуу. Анан дагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсеге азайтуу. Мындай аракеттери менен бюджеттин акчасын максималдуу үнөмдөө болот деп ишендиргилери келет.
Бул саясий партия административдик реформа жүргүзүүнү, ал үчүн Конституцияны өзгөртүү зарылчылыгы болорун да сунуштаган.
Башмыйзамды кайрадан өзгөртүү тууралуу «Чоң казат» партиясы да программасында айтат. Булар коомдук көзөмөлдү Элдик курултай ишке ашырышы керек деген пикирде. Мындай сунуш алтынчы чакырылышта да болгон. Элдик курултай жок дегенде эки жылда бир жолу болуп туруш керек деп да чыгышкан. Бирок, сөз боюнча эле калды.
«Чоң казатчылар» да парламент депутаттарынын санын кыскартуу керек деген позицияда, алар эки эсеге чейин эмес, 70 депутат жетиштүү деп эсептешет. Анын 35и бир мандаттуу округ боюнча шайланып келишсин дешет. Мындан сырткары алар либералдык идеологияны зыяндуу деп эсептешет жана мыйзамсыз жол менен байыгандардын мүлктөрүн конфискациялап, люстрация кылуу боюнча мыйзам кабыл алууну коргоп чыгабыз деген позицияда.
«Реформа» партиясы да Конституцияны өзгөртүүнү сунушташат жана шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү керек деген пикирде. Алардын пикиринде пайыздык тосмолор жана күрөөлөр сыяктуу чектөөлөрдүн кереги жок. Булар президенттик институтту кыскартуу керек же болбосо Жогорку Кеңеш шайлаган, ыйгарым укуктары кыскарган гана президентти калтырууну көздөшөт. Мындай жол менен толук кандуу парламенттик башкаруу системасына өтөбүз дешет. Ошондой эле УКМКны жоюу сунуштары бар.
Мындан сырткары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында жетекчилерди түз шайлоого жетишүү жакшы натыйжа берет дейт программасында. Ачыгын айтканда, мындай лозунгдарды 2010-жылы «Республика» жана «Ата-Мекен» партиялары үгүт ишиндеги «көзүрлөрү» катары карманышкан.
«Республика» партиясы да Конституцияны өзгөртүп, президенттин институтун, УКМК, прокуратураны жоюуну сунуштайт. Жогорку Кеңештин комитеттеринин жетекчилерин дайындоо системасын өзгөртүүнү максат кылышат. Финансы министрлиги жана ИИМ оппозициянын квотасы болушу керек дешет.
«Мекенчил» партиясы да Конституцияны өзгөртүү керек деген маселеден айланып өтө албаган. Алар башкаруу формасы боюнча маселени референдумга аылып чыгууга ниеттери бар. Булар дагы депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу тууралуу сөз кылышат. Башкалардан бир гана өзгөчөлүгү - коррупционерлерге, педофилдерге, сотторго, казынага кол салгандарга өлүм жазасын киргизүү сунуштары. Ушундай эле жазаны алар өздөрүнүн берген антын бузган чиновниктерге, прокурорлорго, өкмөт мүчөлөрүнө, президенттерге да колдонууну сунушташат.
«Ата-Мекен» партиясы министрлер кабинетин чакан жана оперативдүү кылууну көздөйт. «Электрондук өкмөт» долбоорун ишке ашырабыз дешет. Чиновниктердин армиясын үч жыл ичинде 30%ка кыскартууну көздөшөт. Булар дагы административдик-территориалдык реформа жасоону, премьердин ыйгарым укуктарын күчөтүп, президентти арбитр кылууну пландашат. Шайлоо босогосун 3%ка чейин төмөндөтүү пландары бар.
«Замандаш» партиясы да административдик-территориалдык реформа жасоону айтат. Бирок, кадай мехнаизмдер менен экени тууралуу кеп жок. Жөн гана кыскартуу тууралуу кеп бар.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясы мажоритардык системага кайтып келүүнү пландайт. Анан дагы COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө мамлекеттин алсыз болуп калганынын себептерин табуу боюнча коомчулуктун катышуусунда мамлекеттик комиссия түзүү зарылчылыгы тууралуу кеп кылышат.
«Кыргызстан Социал-демократтары» партиясы депутаттардын санын 40ка чейин кыскартууну айтышат. Булар дагы эл партияны гана эмес, тизмедеги талапкерлерди да тандоого укуктуу болушу керек дешет. Мындан сырткары алар президенттин аппаратын катчылык деп өзгөртүүнү сунушташат. Негизи мындай аталыштагы структура Курманбек Бакиевдин убагында болгон.
2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары катары Алмазбек Атамбаев «катчылык элге каршы орган болгон» деп айткан эле.
«Бир Бол» партиясында конкреттүү саясий сунуштар жок. Алар Кыргызстанды социалдык багытка ыктаган, укуктук, демократиялык мамлекетке айлантабыз дешет.
«Кыргызстан» партиясы жа чиновниктердин санын кыскартууну сунуштайт.
Айтор, баардык эле партиялардын программалары бири-бириникине окшош. Кимиси кимисинен көчүрүп алганын албетте билбейбиз. Арасында «мына ушул сунуш жаңы экен» деп баса кала турган сунуш да жок. Же жогоруда айтылган сунуштарын ишке ашыруунун жолдору да так жазылбаган. Айтор, саясий партиялардын программалары кадимки оозеки эле айтылган убадаларга окшоп турат. Кандай кылабыз?
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн