Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Үч кафе өрттөнгөн. Бир суткада жалпы 21 өрт кырсыгы катталды

28.06.2021 10:12
1385
Үч кафе өрттөнгөн. Бир суткада жалпы 21 өрт кырсыгы катталды

Соңку суткада республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Өрт чыккан облус-шаарлар:


- Бишкек шаарында — 7,

- Чүй облусунда — 4,

- Ош облусунда — 4,

- Жалал-Абад облусунда — 2,

- Баткен, Ысык-Көл облустарында экиден өрт кырсыгы катталган.


Көк-Жар конушундагы Куйручук көчөсүндө ачык аянтта 40 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан таштанды таштоочу контейнерде таштанды күйгөн. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан.


Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан таштанды таштоочу контейнерде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


Дордой-1 конушундагы Эмгекчил-6 көчөсүндө турак үйдүн 50 чарчы метр бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


Үмүталиев көчөсүндө «Свет любви» кайрымдуулук фондту жайгашкан имараттын 5 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


Клубный кыска көчөсүндөгү Сары-Өзөн базарынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 1200 чарчы метр болгон үч кафе (Ак-Ниет, Көк-Жар, бирөөсү такталууда), 8 даана мөмө жемиш сатуучу кампа жана сулуулук салону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн