Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Үч жашар кыздын стоматологияда чарчап калышы. Сот анестезиолог, медборбордун башчысына өкүм чыгарды

06.03.2024 09:11
109
Үч жашар кыздын стоматологияда чарчап калышы. Сот анестезиолог, медборбордун башчысына өкүм чыгарды


Чарчап калган үч жашар бөбөктүн тишин дарылаган медициналык борбордун жетекчиси менен анестезиолог тергөө абагына камалды. Бул туурасында укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.


Алардын айтымында, кылмыш иши каралып жаткан берене өзгөртүлгөн, бирок кандай болуп өзгөргөнү такталган жок. Алгач Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси ("Медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдетин талапка ылайыксыз аткаруу") боюнча иш козголгон эле.


Биринчи май райондук соту эки дарыгерды камоо чечими чыкканын тастыктады.


Эске салсак, былтыр декабрдын аяк ченинде Медакадемиянын медициналык борборундагы стоматология бөлүмүндө үч жашар кыз чарчап калган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн