Жалган курандын 12, 2025
Убакыт: 01:54
USD
87.30
87.80
EUR
94.80
95.80
RUB
1.000
1.040

Учкун конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды

11.03.2025 10:23
45
Учкун конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды


Бишкектин Учкун конушунда 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды.


Мэриядан билдиришкендей, бул долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда. Мектепке чейинки мекеме Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашат.


Эки кабаттуу бала бакчанын аянты 1908 чарчы метрди түзүп, жалпы жер тилкесинин аянты - 0,83 га. Анда наристе, кенже, жогорку жана мектепке даярдоо тайпаларынан турган 6 топ болот.


Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастика сабактары үчүн өзүнчө залдар каралган.


Мындан тышкары, бала бакчада медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр да болот. Ар бир тайпа үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.


Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.


Курулуш иштерин "Аргын Курулуш" ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн