Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Үгүтчүлөрдүн массалык мушташы: Араванда 12 адам ооруканага түшүп, 5 унаа талкаланды (видео)

21.09.2020 09:42
1561
Үгүтчүлөрдүн массалык мушташы: Араванда 12 адам ооруканага түшүп, 5 унаа талкаланды  (видео)


Ош облусунун Араван районунда эки саясий партиянын үгүтчүлөрү ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты. 


Маалыматка караганда, окуя 20-сентябрда саат 18:30 чамасында Араван районунун Араван айылында катталган. Анда М.Султанов көчөсү менен Т.Сатылганов көчөсүнүн кесилишинде саясий партиянын талапкери И.М.нын катышуусунда чогулуш өткөрүү учурунда чогулган элдин арасында уруш чыккан. Чырдын кесепетинен 12 адам ооруканага түшүп, 5 автоунаа талкаланган. 


Бул факт Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Мушташка катышкан 10 жаран кармалган. Калган 12 жаран ооруканада жаткандыктан жакынкы убакта алар да суракка алынмакчы.




Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Пикирчи
Аялдарга эмне жок. Менин балам мен балам деп бутка аралашпай эле четте туруп турса болотго.