Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Украинада теги кыргызстандык дагы бир аскер каза болду

Украинада теги кыргызстандык дагы бир аскер каза болду


Украинадагы атайын операция учурунда Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Сыргакбек Өзүбеков каза болду. Маалыматты РФтин Кыргызстандагы элчилиги тастыктады.

Анын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, туулган жери Жалал-Абад облусуна жеткирилүүдө. Тажиясы эртең, 30-майда, өтөт.

Буга чейин Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко 18-май күнү Өзүбеков улутчулдар менен салгылашууда баатырларча курман болгонун Telegram-каналына жазган.

"Аскердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Анын элеси Сахалин облусунун тургундарынын жүрөгүндө чыныгы патриот, эр жүрөк жана кайраттуу адам катары сакталып калат. Аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө тиешелүү жардам көрсөтүлөт", — деп жазган губернатор.

Сыргакбек Өзүбеков Түштүк-Сахалинск гвардиясында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Элчилик ага Эрдик ордени ыйгарылганын билдирди.

Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исламжон Камилов каза таап, сөөгү мекенинде жерге берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн