Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Украинадагы элчи кыргыз жарандарын коопсуз өлкөгө чыгарууга өзү жардам берүүдө

03.03.2022 17:38
797
Украинадагы элчи кыргыз жарандарын коопсуз өлкөгө чыгарууга өзү жардам берүүдө

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов 36 кыргызстандык автобус менен Венгрияга бараткандыгын өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.


"2-март Киев убактысы менен саат 13:00дө 25ге жакын жарандарды коштоп, бүгүн Львов шаарына жетип, бул жактан дагы жарандарыбызды алып Венгрия өлкөсүнө баратабыз. Бул жолу дагы коштоого полиция берилген жок. Ошол себептен коштоо тоборкечилигин өзүбүзгө алууга туура келди. Алгач ушул маршрут менен Киевден 43, Львов шаарынан 25 адам өлкөдөн чыгууга каалосун билдиришкен. Бирок, арасындагылардын кээ бири башка Европа өлкөсүнө кетерин айтышты. Азыркы учурда автобуста 36 жаран баратышат.


Баалуу делген документ жана башка тиешелүү техниканы жеткирип, элдерди коопсуз өлкөгө чыгарып, кайрадан Украина өлкөсүнө кайтам. Абал курч. Мүмкүнчүлүк болоору менен маалымат берип турабыз", - деп жазган элчи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн