Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын аймагында жүргөн мекендештерге кайрылуу жасады.
Элчи социалдык тармактагы баракчасына жазган кайрылуусунда кыргыз жарандарын өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырган.
"Урматтуу мекендештер, көңүл буруңуздар!
Украина бийлигинин сунуштарына байланыштуу, коопсуздук коркунучунан улам Киев шаарынын борборуна, эл көп чогулган жерлерге баруудан, ошондой эле Украинанын башка аскердик жана административдик мекемелеринин жанында болбооңуздарды суранабыз.
Украинанын аймагына келүүнү пландап жаткан мекендештерге сапарын убактылуу токтотуп турууга, ал эми Украина айманындагы тургундарды кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырам!",- деп айтылат элчинин кайрылуусунда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн