Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.
Маркумдун сөөгү кечээ, 24-мартта туулуп өскөн Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына жеткирилген.
Россиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Россиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.
Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн