Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны кармалды (фото)

Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны кармалды (фото)

 


          Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралардын алкагында Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан КР жараны К.у.А. аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


          Белгилүү болгондой, К.у.А. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан.

   

      2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

          Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

          Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.


          

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн