Бугу 20, 2025
Убакыт: 14:29
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.085
1.125

Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

20.05.2025 09:48
18
Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Мыйзамдын максаты “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР мыйзамынын 291 жана 31-беренелерин ишке ашыруу болуп саналат.


Тактап айтканда, мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексин (мындан ары – Кодекс) төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчиликти бекемдеген ченемдер менен толуктоо каралган.


- жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө талаптарды бузуу;


- жеке маалыматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен трансчек аралык берүү;


- жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) субъектиге анын жеке маалыматтарын берүүдөн негизсиз баш тартуу;


- жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо.


Ошондой эле, мыйзам менен жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү мыйзамдарды бузууларды табуу жана укук бузуучуларга карата жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды бекиткен Кодекстин 51-главасына өзгөртүү киргизүү сунушталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн