Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Улан Бакасов Кара-Булуң айылынын таза суу көйгөйүнүн чечилишин өз көзөмөлүнө алат

14.02.2022 12:19
539
Улан Бакасов  Кара-Булуң айылынын таза суу көйгөйүнүн чечилишин өз көзөмөлүнө алат

Депутат Улан Бакасов Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуң айылынын таза суу көйгөйүнүн чечилишин өз көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.ф


Белгилүү болгондой Нарын облусунун Ат-Башын районуна караштуу Кара-Булуң айылынын тургундарынын таза суу маселеси көп жылдан бери чечилбей келет.


Тагыраагы, 2017-жылы атайын долбоор иштелип чыгып, аймакты суу менен камсыздоо жумуштары башталган. 32 млн сомдук тендер өткөрүлүп, айылга суу түтүктөрү тартылган менен иш чала жасалып, аягына чыккан эмес. Андан бери 5 өткөнүнө карабай, айыл эли алыс жол басып, суу ташып ичүүгө мажбур.


Ушул маселеге байланыштуу жергиликтүү тургундар Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасовго кайрылышкан. Ага ылайык, депутат аталган көйгөйдүн чечилишин өз көзөмөлүнө алаарын билдирип, тийиштүү чаралар көрүлөөрүн кошумчалады.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн