Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улан Бердибаев Бишкек шаарынын Кылмыш иликтөө кызматынын начальниги болуп дайындалды

15.02.2023 10:04
329
Улан Бердибаев Бишкек шаарынын Кылмыш иликтөө кызматынын начальниги болуп дайындалды

Улан Бердибаев Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө кызматынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Коллегиянын чечимдерине ылайык кызматтарды чыңдоо максатында мындан ары да ички иштер органдарынын жетекчи курамдарын ротациялоо иштери улантылмакчы.


Ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Улан Бердибаев ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалды.


Ошондой эле милициянын полковниги Азизбек Ташболотов Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына, милициянын майору Чынгыз Айтимбетов Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги кызматына дайындалды. 


Жаңы дайындалган жетекчилерге чоң ишеним артылат, анткени жооптуу кызматты аркалоого жана элге ак ниет кызмат өтөөдө жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө тапшырмалар берилди. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн