Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улан Ниязбеков Кочкор районунда эл менен жолугушту

12.09.2022 13:42
736
Улан Ниязбеков  Кочкор районунда эл менен жолугушту



Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун  тапшырмасы менен өткөрүлүп жаткан  бийлик өкүлдөрүнүн  кезектеги эл менен жолугушуусу Нарын облусунда башталды.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Элдин көйгөйүн жакындан угуп, меселелерин жеринен чечип берүү максатында Нарын облусунун Кочкор районуна Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков келишкен. 


Кочкор районунун эли  социалдык-экономикалык, айыл-чарба жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер  боюнча суроолорун беришти. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү  жер тилкелерин трансформациялоо, чечилбеген мыйзамсыз жерлер, жол көйгөйү, жергиликтүү прокурорлордун чечимдерине байланыштуу.   Элдин бийликке болгон бардык сунуш-пикирлери кабыл алынып, жеринде маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.


Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулар дагы болуп, жергиликтүү тургун  жер-жерлерде кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ар бир айылга бирден милициянын аймактык тескөөчүсүн коюп берүү  сунушун айтып, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды. 


Белгилей кетсек, жолугушуу учурунда жарандардан келип түшкөн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан  ар бир кайрылуу, арыз-даттануу кайрадан текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлөт. Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен кошо келишкен ИИМдин кызматтарынын жетекчилери    жарандардан жеке өздөрү арыз-даттанууларды кабыл алышат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн