Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Улан Ниязбеков 2022-жылы мыкты жыйынтык көрсөткөн ыкчам кызматкерлерге сыйлык тапшырды (тизме)

03.02.2023 11:38
465
Улан Ниязбеков 2022-жылы мыкты жыйынтык көрсөткөн ыкчам кызматкерлерге сыйлык тапшырды (тизме)

2022-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ИИМдин “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды


2023-жылдын 3-февраль күнү ИИМдин коллегиясынын отурумунда ички иштер органдарынын 2022-жылдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып жатат. Коллегиялык отурумдун башында Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков “Кесиби боюнча мыкты” эсептелген кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Отурум сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшыруу менен башталып, ИИМдин “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды. Аталган иш-чара иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо менен өз кызматына болгон шыктануусун күчөтүү максатында ИИМдин жобосуна ылайык өткөрүлүп келет. Ошондой эле, ар бир кызматкердин демилгесин, активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жогорулатып, кесиптик чеберчилигин көтөрүүгө шарт түзөт.

Ички иштер органдарынын ар бир кызматтарында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн, күжүрмөн жана физикалык даярдыгынын, кызматтык тартиби менен мыйзамдуулуктун абалынын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди баалоо критерийлери иштелип чыккан. Бул сынактын жеңүүчүлөрү болуп, жылдын жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер аталды.

Улан Ниязбеков мыкты кызматкерлерди куттуктап, мындай деди: Сиздерди кыргыз милициясынын эң жогорку сыйлыктарына ээ болушуңуздар менен коллегия мүчөлөрүнүн атынан, ушул жерде катышып жаткан жетекчилик курамдагы кызматкерлердин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Эл үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн талыкпаган ак эмгек жасап, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарып, жарандардын коопсуздугун сактап, тынымсыз күжүрмөн аракеттерди жүргүзүп, бул ыйык максатты улантып жатасыздар. Алган сыйлыгыңыздар сиздерге күч, дем жана шык берип, дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга түрткү болот деп ишенем. Кайсы гана кызматты ээлеген кызматкер болбосун же коомдук коопсуздукка чоң салымын кошуп, элдин тынч жашоосуна өбөлгө түзгөн коомдун өкүлү болобу, алардын эмгектери бааланып, бүгүнкүдөй жагдайда сөзсүз түрдө сыйланат. Жалпы журтубуздун тынчтыгы жана коопсуз жашоосу үчүн кара жанын карч уруп, күнү-түнү иштегендерди Ички иштер министрлигинин ушундай жогорку сыйлыктары күтүп турат. Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинацияларда:  

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин мыкты кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин №7707 аскер бөлүгүнүн “Шер” отрядынын техниги, прапорщик Камчыбеков Аширбек;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мыкты ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери» - Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын улук лейтенанты Лутпилла уулу Алибек;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Синтетикалык баңгизаттарга, IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга жана баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү башкармалыгынын IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга жана баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын капитаны Ким Артем Александрович;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» - Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Эркебаев Замирбек Зайирбекович;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мыкты милиционери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору милициянын прапорщиги Батыров Аманали Темирович;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын мыкты кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин районунун Күзөт бөлүмүнүн взвод командири милициянын улук лейтенанты Джумалиев Тилек Кокулбекович;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалистикалык кызматынын мыкты кызматкери» - Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын криминалистикалык кызматынын улук инспектор-криминалисти милициянын капитаны Акматов Куштарбек Сатыбалдиевич;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун (Ош ш.) өзүнчө ротасынын (Баткен ш.) 1-взводунун милиционери милициянын старшинасы Адилов Алижан Токтоназарович;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын 2-бөлүмүнүн ыйгарым Ош укуктуу ыкчам кызматкер-жоокери милициянын старшинасы Салахидин уулу Саламат;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянын участкалык уполномоченныйы» - Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын улук участкалык уполномоченныйы милициянын улук лейтенанты Пакиров Замирбек Абийбиллаевич;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын мыкты милиционери» - Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Кайгуул күзөт кызматынын милиционери милициянын улук сержанты Раев Бектур Бакытбекович;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча мыкты участкалык инспектору» - Жалал–Абад облусунун Жалал-Абад ШИИБдин милициянын балдар менен иштөө инспектору милициянын капитаны Кадырова Самара Эсенбаевна;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун мыкты ыкчам нөөмөтчүсү» - Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Ысык-Көл РИИБнин нөөмөт бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү, милициянын капитаны Буланбаев Адилет Койлубаевич;

- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Осмонов Аскат Абдилакимович;

Жогоруда аталган кызматкерлердин бардыгы сыйлык тасмалар, атайын вымпелдер жана ИИМдин кол сааты менен сыйланышты. 

    


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн