Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Улан Ниязбеков ИИМ кызматкерлерине коомдук тартипти сактоону, укук бузуулардын алдын алууну тапшырды

10.10.2022 10:24
331
Улан Ниязбеков ИИМ кызматкерлерине коомдук тартипти сактоону, укук бузуулардын алдын алууну тапшырды

 

2022-жылдын 10-октябрында ички иштер министри Улан Ниязбеков республиканын аймагында жалпы коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана зордук-зомбулукка бөгөт коюу чаралары туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.  Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн кеңешменин жүрүшүндө ички иштер органдарынын негизги милдеттерин аныктады. Кеңешмеде мамлекеттин ички коопсуздугуна терс таасирин тийгизген коркунучтарды алдын ала аныктап, өз учурунда бөгөт коюп, коомдук тартипти сактоодо кандай гана көйгөйлөр болбосун тынч жана укуктук негизде чечилиши керектиги айтылды. Андан сырткары, экстремизмге, терроризмге, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка, аткезчилик менен коштолгон көмүскө экономика жаатындагы кылмыштарга, ар кандай мыйзам бузууларга, ар кандай чагымчылдыкка жана мамлекеттер аралык чыр-чатактарга жол бербөө боюнча жергиликтүү бийлик органдары, күч түзүмдөрү, эл арасындагы активдүү өкүлдөр менен биргеликте иш-чараларды күчөтүү маселеси каралды.



  “Жалпы коопсуздукту камсыздоо, элдин туруктуу жана тынч жашоосуна шарт түзүү үчүн акимчилик, мэрия, айыл өкмөт, айыл башчы, социалдык бөлүктөр, активдүү жарандар жана жаштар коомдору менен тыгыз байланышта иш алып баруунун сапатын жакшыртуу жана элдин коопсуздугуна коркунуч келтирген, турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген, жашоо-шартына тоскоолдук жараткан бардык учурларга бөгөт коюу колго алынсын. Жер-жердеги кайсы гана мамлекеттик орган болбосун мыйзам чегинде жүктөлгөн функциясын аткарууга милдеттүү. 

Ошондой эле коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда укук бузууларды болтурбоого басым жасалсын. Күнүгө коомдук жайларга чыккан жөө кайгуул топторуна, авто-экипаждарга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге сапаттуу нускамалар өткөрүлсүн. Кайгуулдардын башкы милдети - жардам сурап кайрылган жарандарга жеринде ыкчам жана натыйжалуу көмөк көрсөтүү болуп эсептелсин. Бир дагы жаран милициянын ишмердигине же туура эмес мамилесине нааразы болгон учурларга жол берилбесин.

Жер-жердеги ички иштер башкармалыктары тарабынан жергиликтүү бийлик органдары, акимчилик, мэрия, айыл өкмөт, айыл башчы, мектеп директорлору, социалдык бөлүмдөр, ата-энелер комитети, жаштар коому, айыл аксакалдары жана жергиликтүү активдүү жаштар менен бирге зомбулуктарды жана элге жат көрүнгөн бардык окуяларды алдын алуу үчүн “комплекстүү иш-чаралар” жүргүзүлсүн.

Иш-чаралардын максаты – эл арасында адеп-ахлакты жогорулатуу, коомдук маданиятты калыптандыруу, укук бузууларды жана кылмыштарды болтурбоо, улуттук нарк-насилдерди чыңдап, коопсуз келечекти куруу болуп эсептелет”,- деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.     


Кеңешмеде жооптуу жергиликтүү бийлик органдары менен бирге “Милициянын көчмө кабылдамалары” аркылуу элге жолугуп, туура эмес маалыматтарга ишенбөө, укук бузуулардан алыс болуу, бардык маселе мыйзам чегинде биздин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чечилип жаткандыгын туура түшүндүрүү керектиги айтылды.


“Эл арасында, анын ичинде социалдык тармактар аркылуу коомчулукту дүрбөлөңгө салып, чагымчыл чакырыктарды жасап, мыйзам жана укук бузууларга үндөгөн жагдайлар боюнча мыйзам чегинде ыкчам иш-чаралар жүргүзүлсүн.

Коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган кызматкерлер жүктөлгөн милдеттерин так аткаруусу, кызматтык тартипти бекем сактоосу, ар түрдүү мыйзам бузууларга салкын мамиле жасабай, жеринде бөгөт коюу иштерин күчөтүү уюштурулсун. Аталган иш-чаралардын негизги максаты – коомдук тартипти сактоо, эл арасында одоно тартип бузууларга жол бербөө, коомчулуктун тынчын алган окуяларга бөгөт коюу болуп эсептелсин.

Жогорудагылардын негизинде жер-жердеги ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерине жеке тапшырма берем. Бир айда бир жолу “Ыкчам байланыш” акциясын өткөрүңүздөр. “Ыкчам байланыш” акциясынын негизги максаты – ден-соолугу чектелген жарандарды, жолдо жүрүүгө мүмкүндүгү улгайып калган жарандарыбызды жана турмуштук шартынан улам ички иштер органдарына аргасыз келе албаган адамдарды “Видео-байланыш” аркылуу маселесин угуп, ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Ушул иш-чараны колго алып, өтө дыкаттык менен алып барууну талап кылам. Шаардык жана облустук башкармалыктардын биринчи жетекчилери ар бир видео байланышка жеке өзүңүздөр жооп бериңиздер. Уюштуруу жагын ИИМдин Басма сөз кызматына дайындаймын.

Эл менен иш алып баруу учурунда кандай гана маселе болбосун туура түшүндүрүү, карама-каршылыктарды жана абалдын чыңалуусун жараткан жагдайларды болтурбоо, маселелерди ыкчам чечүү, өлкөбүздөгү туруктуулукка, элдин тынч жана коопсуз жашоосуна шарт түзүп, ар түрдүү коркунучтарга бөгөт коюу – ички иштер органдарынын негизги милдети”,- деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.


ИИМ башчысы бүгүнкү кеңешмеде каралган маселелердин алкагында берилген тапшырмаларды так аткарып, кемчиликтерди жоюп, сын-пикирлерди жана көйгөйлөрдү жеринде чечүү үчүн аракеттерди көрүү керектигин тапшырды. 


    Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн