Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Улан Ниязбеков ИИМ кызматкерлеринен коюлган талаптарды так аткарууну талап кылды

04.11.2022 16:48
416
Улан Ниязбеков ИИМ кызматкерлеринен коюлган талаптарды так аткарууну талап кылды



 

 

 

 



Бүгүнкү өткөн коллегияда элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ар түрдүү укук бузууларга бөгөт коюу максатында Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине ар бир коюлган тапшырмалардын кынтыксыз аткарылуусун талап кылып, жүктөлгөн милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылгандардын ишине тиешелүү баа бериле турганын билдирди. Андан сырткары, коллегиянын жүрүшүндө Ички иштер министрлиги тарабынан атайын программалар жана иш-чаралар мерчеми бекитилди. 


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, башкы тапшырмалардын бири катары кылмыштын бетин ачып, реалдуу иш алып барбастан, тескерисинче элдин башын айлантып, статистикалык көрсөткүчтү жакшыртуу үчүн бурмалоо тастыкталса, тиешелүү кызматкерлерге катуу чараларды көрүү жана ошондой эле кызматкерлердин шалаакылыгынан, кенебестигинен ушул кемчиликтер пайда болсо, анда биринчи жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча буйруктарды иштеп чыгууну колго алуу керектиги айтылды.


 “Биздин өлкөдө эле эмес, көпчүлүк мамлекеттерде санарип багыты - негизги тармак болуп эсептелет. Калкка мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгын жана Министрлер Кабинетинин “Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү жөнүндө” иш-мерчемин аткаруунун үстүндө иш алып барып жатабыз. Тапшырмаларды аткаруу үчүн, “Санарип жол картасын” иштеп чыгып, иш-чараларды уюштурганбыз. Араңыздарда айрым жетекчилер видео-камера орнотуп койдум, санарип багытында иш жасадым деп ойлошу мүмкүн. Бирок, бул багыт видео-камераларды орнотуп коюу менен гана аяктап калбайт. Анын эң башкы максаты - жарандардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу, катталган кылмыштардын бетин ыкчам ачуу болуп эсептелет. Эгерде, ар бир облуста жана шаарда санариптешкен коопсуздук базасы түзүлбөсө, анда кылмышка каршы күрөшүү, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосуна шарт түзүүгө мүмкүндүк болбойт.


 Коопсуздукка байланышкан негизги маселелерди шаар-райондордогу ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери өздөрүнүн нөөмөт бөлүктөрүндө интернеттин кубаттуулугун жогорулатып коюга көңүл бурушкан эмес. Арыз менен кайрылган жарандардын билдирүүлөрүн электрондук каттоо учурунда, төмөнкү кубаттуулукта иштеген тутум, бир катар көйгөйлөрдү жаратып, жарандарга ыңгайсыздык жаратып жатат. Андыктан, бул маселелерди жеринде чечип, ушул жылдын аягына чейин жөнгө келтирүү үчүн, жер-жердеги ички иштер башкармалыктарына тапшырмаларды берем:


Кыска мөөнөттүн аралыгында, убактылуу кармоочу жайлардын бардыгына заманбап видео-камераларды орнотуу, ар бир жетекчи өзү жооптуу болгон аймакка, анын ичинде коомдук жайларга, көчөлөргө, эл көп чогулган жерлерге, мал-базарларга, кооптуу деп эсептелген участокторго камераларды орнотуу жана алардын баарын ички иштер министрлигине туташтыруу маселеси чечилсин.


Орнотулган камералардын жардамы менен кылмыштын бетин ачуу, ар түрдүү окуяларды, массалык бейбаштыктарды жана одоно тартип бузууларды алдын алуу чаралары күчөтүлсүн. Ишмердикти санариптештирүү - бардык ички иштер органдарынын приоритеттүү багыты катары эсептелсин. Андан тышкары, санарип маселеси бир гана жер-жердеги ички иштер органдарына эмес, борбордук аппараттын кызматтарынан баштап, айылдык милиция бөлүмчөсүнө чейин тиешелүү. Күнүгө өзгөрүп, ар түрдүү жаңы технологиялар пайда болуп жаткан замандан артта калбай иш алып барып, алдыбызга койгон максаттарга жетишибиз керек.


Ал үчүн, сапаттуу кадрларды даярдап, санарип ыкма менен андан ары иш алып баруу тартибине өтүшүбүз зарыл. Ошондуктан, Ички иштер министрлигинин Академиясына жана Республикалык окуу борборуна да тапшырмалар коюлду. Окутуу программаларына санарип сабактарын кошумча киргизип, электрондук чөйрөдө талаптарга жооп берген кадрларды даярдоонун үстүндө иш алып барылсын.


“Электрондук китепкана”, “Онлайн күндөлүк” аталыштагы программаларды иштеп чыгып, иш-чаралар жүргүзүлсүн.“Электрондук китепкана” программасынын функциясы – ар бир курсант же кесиптик деңгээлин жогорулатууга келген кызматкер өзүнүн уюлдук телефону аркылуу китепканага кирип, кесиптик жеке деңгээлин жогорулатуу үчүн кошумча билим алышына шарт түзүү болуп эсептелет. Курсанттын же кызматкердин саат канчада электрондук китепканага кирип, кайсы темага даярданып, өз алдынча өнүгүүсү боюнча ушул программадан ачык көрүнүп турушу керек. Башкача айтканда, конкреттүү билим алган сапаттуу кадрлар гана окууну аяктап, жогорку билимге ээ болушуна басым жасалсын.


Ошондой эле, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилери дагы алдыларына коюлган ар бир тапшырманы кынтыксыз аткаруулары зарыл. “Бирдиктүү база” аталыштагы атайын программаланган жаңыртылган ыкчам база түзүп, ишке киргизилсин. Бул базанын негизги максаты - ички иштер органдарында каттоодо турган бардык адамдар боюнча маалыматтар болушу керек. Анын ичинде, мурда соттолгондор, издөөдө жүргөндөр, дайынсыз жоголгондор, экстремизм, терроризм, баңгизат менен жоопко тартылгандар, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулуктар, алдамчылык жана башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасаган адамдар боюнча бардык зарыл маалыматтар болушу керек.


Андан тышкары, чет өлкөдө жүрүп, кылмыш жасаган биздин жарандар туурасында маалыматтар камтылышы зарыл. Ушул база түзүлүп, ишке ашырылса тиешелүү маалыматтарды алуу жана ишмердикте колдонуу боюнча ишке ашыруу багытында бир топ жеңилдиктер жаралат.


“Унаа” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги Евразиялык Экономикалык Кеңештин курамында турган аймактарга биздин жарандар унаалары менен кирген учурда айрым ыңгайсыздыктар жаралбашы үчүн, “Электрондук техпаспорт” аталыштагы документ иштелип чыксын. Андан тышкары, биздин өлкөгө кирген физикалык эмес юридикалык жактарга таандык болгон унааларды каттоого алууда көйгөйлөр орун алып жатат. Бул багыттагы бардык маселелер кыска мөөнөттүн ичинде чечилиши керек.


Жер-жердеги ички иштер органдарынынын ар бир жетекчиси коомдук коопсуздукту камсыздоого байланышкан иш-чаралар мындан ары күчөтүлгөн тартипте улантылып, туруктуу негизде калыптануусу колго алынсын. Эл арасында резонанс жараткан кылмыштарга, коомчулуктун тынчын алган окуяларга жол берилбесин. Айыл өкмөттөр, айыл башчылары, чек-ара, өзгөчө кырдаалдар кызматтары, жарандык коом жана жаштар өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барып, жалпыга бирдей болгон тартипти камсыздоо, эл арасында коомдук маданиятты чыңдоо, таалим-тарбияны күчөтүү иштери жүргүзүлсүн. Элди дүрбөлөңгө салып, туура эмес маалыматтарды таратып, өз кызыкчылыгын көздөгөн адамдардын мыйзамсыз ишмердиктерине жеринде бөгөт коюлсун.


Аны менен бирге, коомдук коопсуздук кызматынын башчыларына жеке тапшырма берем. Өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарды алдын алуу үчүн, Билим берүү жана илим министрлиги менен, социалдык бөлүмдөр, ата-энелер комитети, жаштар коомдору менен бирге “Келечекке таза кадам” аттуу комплекстүү жана ар тараптуу “иш-мерчем” иштелип чыксын. Анын башкы максаты - балдардын келечеги бир гана милицияга эмес жалпы коомго тиешелүү маселе экендиги, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштуулукту бирге токтотуп, “таза жашоо – коопсуз келечек” курууга кадам жасоо учурдун талабы экендиги элге жеткирилип, натыйжалуу иш алып баруу болуп эсептелет.


Милициянын милдети - өсүп келе жаткан жаш муунду адеп-ахлакка, боорукерликке, урмат-сыйга тарбиялоого үндөө, билимге жана маданияттуулукка умтулуусуна коопсуз шарт түзүү экендиги туура жеткирилсин. Мындан ары, ар бир жетекчи өзү жекече түрдө жарандарды кабыл алууну жүргүзүнү колго алсын.


Буга чейинки аппараттык кеңешмеде бир айда бир жолу “Ыкчам байланыш” акциясын өткөрүүгө тапшырма койгом. Бул тапшырманын башкы максаты – ден-соолугу чектелген жарандарды, турмуштук ар түрдүү шарттарынан улам милицияга келип, арыз жаза албаган жарандарды жана жолдо жүрө албаган улгайган адамдардын кайрылууларына ыкчам чара көрүп, маселесин жеринде чечип берүү болуп эсептелет.


Эгерде, жардам сурап кайрылган адамдардын маселеси жеринде чечилбесе, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрү сакталбаса катуу тартиптик чаралар көрүлөт. Жарандардын маселесин чечүү боюнча ар бир жетекчи өзүңүздөр уюштуруу иштерин алып барыңыздар.


Жалпысынан ишмердик жакшы, бирок айрым багыттар боюнча, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү, жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды болтурбоо, кызматкерлер арасындагы тартип маселесин чыңдоо, эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу, жеринде сервистик тейлөө функцияларын калыптандыруу багыттары күчөтүлсүн”,-деди Улан Ниязбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн