Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Улан Ниязбеков ИИМдин кызматкерлерин кыргыз милициясынын 97 жылдыгы менен куттуктады

01.11.2021 12:05
668
Улан Ниязбеков ИИМдин кызматкерлерин кыргыз милициясынын 97 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз милициясынын 97 жылдыгына карата ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерин куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


"Урматтуу кесиптештер! Кадырман ардагерлер!


Сиздерди 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Урматтуу кесиптештер сиздер элдин тынчтыгын жана коопсуздугун коргоодо дайыма алдыӊкы катарда туруп, ыкчам иштейсиздер. Кыйын кырдаалга туш болгон ар бир атуулдун кайрылуусуна сергек мамиле жасап, аларга жардам бересиздер. Жогоруда айткандай, Кыргызстан эли сиздерге ишенет жана ар дайым колдойт. Элдин ишенимин бийик тутуп, өлкөгө ак ниет кызмат кылып, эл менен бирге болуу сиздердин ыйык парзыӊыздар. Анткени, Кыргызстандын ар бир жараны бейпилчиликте коопсуз жашап, эмгектенүүгө укуктуу. Сиздер эл аралап, эл ичинде жүрөсүздөр, жарандарыбыз сиздерди бийликтин өкүлү, мамлекеттин жүзү катары кабылдашат. Ошондуктан ар дайым маданияттуу болуп, сырткы келбетиӊиздер да, ички жан дүйнөӊүздөр да жагымдуу болушу зарыл. 


 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекетте тынчтык жана бекем тартип өкүм сүрмөйүн өлкө жетекчилиги тарабынын жасалып жаткан реформаларды, сунушталган экономикалык программаларды толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди толук жана так аткарууну талап кылды.


“Элибиз сиздер жасап жаткан иштерди көрүп-билип, мамлекет тарабынан корголуп жатканын сезүүлөрү керек. Милиция коомдук тартипти сактап, жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылууну курулай сөз менен эмес, иш менен далилдеп бериши зарыл. Милициянын иштеп жатканын катардагы жөнөкөй жарандан тартып өлкө жетекчилигине чейин сезиши керек. Коюлган талаптардын аткарылышын камсыз кылууну мен министрликтин жетекчилигинен талап кылам жана жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам», — деп айтты Мамлекет башчысы. Биз бардыгыбыз өлкө башчысы койгон талаптарды так жана мыйзам чегинде аткарууга тийишпиз.


Ар бир адамзаттын тилеги тынчтык эмеспи. Ал эми милициянын милдети ошол аруу тилекке ширелген тынчтыкты камсыздоо. Кыргыз милициясы өзүнүн кылымга аяк койгон улуу жолунда ар качан тынчтыктын жарчысы болуп келе жатканы шексиз. Мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо, карапайым калктын бейпил жашоосун камсыз кылуу үчүн кызмат өтөп келе жаткан милициянын иш-аракети эч убакта жеӊил болгон эмес, өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда түн уйкудан калып кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор.


Аны элибиз да туура түшүнүү менен кабыл алып, ар качан милициянын ишине көмөктөш боло, ар тараптан колдоого алып келе жатканын айтпай кетпесек болбос. Себеби, милициянын кесиби жөнөкөй жарандарыбыздан баштап, мамлекеттик жетекчилердин көз кырында турган өтө жооптуу жана түйшүктүү кызмат. Жарандардын башына кыйынчылык түшкөн учурда биринчи кезекте жардамга милицияны чакырып, ага ишеним артат. Мына ушул алкактан алганда коомчулук менен милициянын байланышы өтө тыгыз. 


Элибиз ички иштер органдарынын ишине кунт коюу менен көңүл буруп, алардан коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу натыйжаларды күтүүдө. Анткени, милицияга жарандардын ден-соолугу, өмүрү, абийири, ар-намысы жана менчиги үчүн зор жоопкерчилик жүктөлгөн. 


Ошол эле маалда элибиз ар дайым өмүрүнүн акырына чейин Антына бекем туруп, катаал кырдаалда дагы артка чегинбей, эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүшкөн тартип сакчыларын эстен чыгарбайт. Жүздөгөн милициянын эр жүрөк азаматтары коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен болгон күрөштөрдө, каардуу кармаштарда кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болушту. Алардын аты тарых барактарына, Ардак такталарга түбөлүккө өчпөс болуп жазылган, ошондуктан эрлерин эли унутпайт деп ишенимдүү айтсак болот. Аларга түбөлүк таазим жана урмат!

Ички иштер органдырынын кызматкерлери мындан ары да өлкөдө бекем коопсуздукту, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоо тапшырмаларын так аткарууга, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртууга бүт күч-аракетин жумшоого тийиш.


Милиция кызматында иштеген эр азаматтарда кылмышкерлерди аёо деген жок, ажалга тике карап, өлүмдөн жалтанбай, башты канжыгага байлап иштөөгө туура келет. Атылган ок, шилтелген канжар ажал издеп атылып, өлүм издеп шилтелет. Сиздер кылмышкерлерден элди коргоп, ок аралап, от кечип жүрөсүздөр. Канчалаган мыкты азаматтар каардуу кармаштарда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болушту. Алардын аты ардак такталарга түбөлүккө өчпөс болуп жазылган, ошондуктан эрлерин эли унутпайт деп ишенимдү айтсак болот. Аларга тубөлүк таазим жана урмат! Сиздердин эмгек сыйга да, мактоого да татыктуу. Сиздер бар үчүн, сиздердин кыраакы, кажыбас эмгегиңиздердин натыйжасында элибиз тынч уктап, бейкапар эмгектене алышат. Азыркы учурда, коррупцияга каршы аяоосуз күрөш жүрүп жаткан кезде, сиздерге өтө жоопкерчиликтүү милдет жүктөлүп жатат. Ал милдет: элибиздин жыйган тергенин коргоо менен эле бирге мамлекеттин байлыгын көздүн карегиндей сактоо. Ал үчүн абдан сактык, жемкорлорду алыстан тааный билген кыраакылык зарыл. Милиция азыр абдан күчтүү, кубаттуу жана ишенимдүү түрдө акыйкат кызмат кылат деп айтсак болот. Анткени милициянын 97 жылдык бай тажырыйбасы бар. 


Ардактуу кесиптештер! Сиздерди дагы бир жолу 97 жылдык маареке майрамыңыздар менен куттуктап, бардыгыңыздарга ишиңиздерде ийгилик, турмушта бакыт, жашоодо бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөрдө ырыс-ынтымак жана ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн. Мезгилдин ар кыл кыйынчылыктарына карабай тагылган милдеттерин татыктуу өтөп жаткан Кыргыз милициясынын эр жүрөк кызматкерлердин, элибизге эмгеги сиӊген аксакал ардагерлерибиздин үй-бүлөсүнө ырыс-ынтымак, бакыт-таалай, бекем ден соолук каалап, кесиптик майрамыӊыздар менен чын ниеттен куттуктаймын",- деп айтылат министрдин куттуктоосунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн