Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Улан Ниязбеков Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

10.08.2022 18:36
472
Улан Ниязбеков Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту


2022-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым менен жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.



Улан Ниязбеков Ду Дэвэнь айымга бүгүнкү иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы бекем эки тараптуу кызматташтыктын уландысы экенин белгиледи.


Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги Кытай тарап менен кызматташууга чоң маани берип, өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин айтты. Ал Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишенимдүү жана туруктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.



“Кызматташтык мезгилинде элчилик тарабынан ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө потенциалын күчөтүүгө олуттуу салым кошулду. Айрыкча, материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча бир топ жакшы мамилелер түзүлгөн. Мындан тышкары, биз Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташтыктын жогорку деңгээлине жеткенибизди чоң кубаныч менен белгилейбиз”, - деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.


Ошондой эле ал өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр экенин тастыктады.


Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И мырзанын Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө коомдук тартипти камсыздоодо көрсөткөн жардамы, ошондой эле эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын ортосундагы достук кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ыраазычылык билдирди. Ду Дэвэнь айым кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр экениин ырастады. Ошондой эле Кытай жарандарынын элчиликке кайрылууларынын санынын азайгандыгы боюнча оң тенденция бар экенин, бул албетте, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жакшы координацияланган ишинин натыйжасы экенин белгиледи. 


Жолугушуунун жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тиешелүү маселелер талкууланды. Ошондой эле кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери каралды. Эки тарап тең укук коргоо органдарынын учурдагы кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалашты жана аны андан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн