Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Улан Ниязбеков РФнын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары менен жолугушту

18.10.2022 21:34
349
Улан Ниязбеков РФнын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары менен жолугушту



Бүгүн, 18-октябрда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин имаратында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмовдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууга Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Кичи-элчиси Вадим Гусев, Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын Департаментинин башчысы Дмитрий Татарников, Россия Федерациясынын ФККнын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Сергей Кожанов жана КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты мындан ары бекемдөө талкууланып, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.


ИИМдин башчысы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрликтеринин стратегиялык кызматташтыкты жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө болгон өз ара умтулуусун зор канааттануу менен белгиледи. 


Мындан тышкары, Улан Ниязбеков бүгүнкү Ички иштер министрлиги кылмыштуулук менен күрөшүүдө технологиялык прогресстин глобалдык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү колдонуп жаткандыгын белгиледи. 

Укук коргоо чөйрөсүндөгү маанилүү милдет - жарандардын коопсуздугун, туруктуулукту, аймактык бүтүндүктү жана биздин мамлекеттердин эгемендигин камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди жана ресурстарды бириктирүү зарыл.


Ошону менен бирге КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин көп жылдык иш тажрыйбасын белгилеп кетүү керек, ал коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү КМШга мүчө мамлекеттердин негизги кызыкчылыктарынын жана биринчи кезектеги милдеттеринин катарында туруктуу бойдон калаарын айкын көрсөтүп турат. 


Жолугушуунун аягында тараптар укук тартиби жана коопсуздук чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты жогору баалашып, мындан ары натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн