Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Улан Ниязбеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ИИМ башчыларын эл аралык экстремизмге каршы күрөшүүгө чакырды

18.08.2022 18:04
366
Улан Ниязбеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ИИМ башчыларын эл аралык экстремизмге каршы күрөшүүгө чакырды


Бүгүн, 18-августта Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйыны болуп, ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков катышты. 


Аталган Кеңешменин жүрүшүндө Улан Ниязбеков ШКУнун аймактык түзүмдөн кадыр-барктуу эл аралык коомчулукка айланганын ишенимдүү түрдө айта алабыз деп белгиледи. 


Айрыкча, укук коргоо органдары үчүн Шанхай уюму колдо болгон байланыштарды бекемдөө жана иштин маанилүү багыттарында тыгыз кызматташуу үчүн жемиштүү негиз түзүп келет.


Ал, ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, трансулуттук кылмыштарга жана адамдарды сатууга каршы күрөш - бүткүл дүйнө үчүн актуалдуу жана олуттуу коркунуч болуп саналат деп баса белгиледи.


“Бүгүнкү күндө дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндөгү туруксуз кырдаалдын кесепеттери коомду туруксуздаштырууда жана диний радикалдык күчтөрдү активдештирүүдө жөндөмдү коркунуч жаратууда. Мамлекеттин туруктуулугун жана коомдун биримдигин сактоо ар бир өлкөнүн башкы милдети болуп саналат”, - деп билдирди ИИМдин жетекчиси. 


Ошондой эле Улан Ниязбеков өз сөзүндө, көп нерсе трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, кибер кылмыштуулук жана адам сатуу менен күрөшүүдө бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүдөн көз каранды экендигин белгиледи. 

ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кылмыштардын бетин ачууда өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу боюнча активдүү иш артыкчылыктуу багыт болуп саналат. 


Улан Ниязбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмдеринин бири катары Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү Борборун түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин демилгесин колдоону сунуштады, анткени бул борбор Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, Орто Азия аймагы үчүн да өтө зарыл болоорун баса белгиледи.


Сөзүнүн аягында ИИМдин жетекчиси Кеңешменин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ШКУ мүчө-мамлекеттеринин ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр деп ишендирди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн